Окуялар

Стендап-комик Элдос Алмазов көз жумду

29 жаштагы комик Элдос Алмазов сөөк ткандарынын агрессивдүү рагы — остеосаркома менен күрөшүп жүрүп, операция учурунда каза болду. Юмористтин өлүмү тууралуу 19-ноябрда анын тууганы Телеграмда билдирди.

«Кечээ операция учурунда Элдосту жоготтук. Бул баарыбыз үчүн, айрыкча анын ата-энеси үчүн чоң жоготуу», — деп айтылат билдирүүдө.

Комиктин көз жумганын анын досу, стример Анар Абдуллаев да ырастады. Ал маркумдун туугандары менен байланышканын жана окуя ырасталганын билдирди.

«Мен анын Москвага кайтып келишин күтүп жүрдүм, байланышта болчумун», — деди ал.

Элдос Алмазов Ошто туулган. Төрт баланын бири— анын эки эжеси жана агасы бар.

Алмазов «Открытый микрофон» шоусуна катышып таанымал болгон.

Ал сейрек кездешүүчү генетикалык оору менен ооруган, анын айынан бою болжол менен 9–10 жашында өспөй калган.

Тектеш кабарлар

Back to top button