Окуялар
Бишкекте электр велосипеддерин жана алардын батареяларын уурдаган шектүү кармалды

Электр велосипеддерин жана алардын батареяларын уурдоого шектүү киши кармалганын Бишкек милициясы билдирди.
Ленин районунун милициясына кайрылган жарандын айтымында, анын электр велосипединин 40 миң сом турган батареясы уурдалган.
Бул факты боюнча уурулук беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Милиция шектүүнү — 1991-жылы туулган Т. К. аттуу жаранды кармады. Ал убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Мындан тышкары, кармалган адамдын электр велосипеддери жана батареялары уурдалган 10 эпизодго тиешеси бар экени аныкталды.
Тергөө уланууда.



