УКМК: Чүйдүн ишкерлеринен 100 миң АКШ доллар опузалап талап кылгандар кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында КР УКМК ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүүгө тоскоолдук жараткан адамдардын мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө.
КР УКМК тарабынан Чүй облусунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкерлерден 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы аныкталды.
Тергөөнүн жүрүшүндө багбанчылык шериктештигинин төрагасы өзүнүн шериги менен биргеликте кум-шагыл аралашмасын казып алуу боюнча мыйзамдуу ишкердик ишмердүүлүгүнө жасалма тоскоолдуктарды жаратуу менен коркутуп, ишкерлерден жогоруда көрсөтүлгөн сумманы талап кылышканы аныкталды.
Тактап айтканда, 2026-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, талап кылынган акчанын 30 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү бөлүгүн алып жаткан жеринен 1989-жылы туулган Ж.У.К. жана анын шериги 1969-жылы туулган К.Т.М. кылмыш үстүндө кармалды.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында кармалгандар КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда иштин бардык жагдайларын жана кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.



