Окуялар

Бишкекте №10 автобустун айдоочусу өз унаасынын дөңгөлөгүнүн астында калып каза болду

Бишкек шаарындагы Интергельпо жана Кең-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде, №57 мектептин жанында трагедиялуу кырсык катталды.

Анда №10 каттамдагы коомдук транспорттун айдоочусу өз унаасынын астында калып мерт болгонун Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

​Маалыматка ылайык, 1972-жылы туулган Х.Ы. аттуу айдоочу каттамын аяктап, «Анкай» үлгүсүндөгү автобустан түшкөн учурда унаа ордунан жылып кеткен. Айдоочу аны токтотууга аракет кылып жатканда жыгылып, дөңгөлөктүн астында калган.

​Андан ары кыймылын уланткан автобус алдыда турган Toyota жана Mazda үлгүсүндөгү унааларды сүзгөн. Ал эми жаракат алган айдоочу «Тез жардам» унаасы менен ооруканага жеткирилип жатып каза тапкан.

​Учурда кырсык маалында коомдук транспорт токтотуу режимине коюлган-коюлбаганы такталып жатканы кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button