Окуялар
Түндө Ош облусунда жер титиреди

20-ноябрда саат 02:39да Ош облусунун аймагында эпицентрде 3,5 баллдык жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылынан 7 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 125 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Бор-Дөбө айылында жердин силкинүүсү 3 баллдык болуп сезилди.



