Юстиция министрлиги калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнү кеңейтүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун калк менен жолугушууларынын жыйынтыгында берилген тапшырмасын аткаруу максатында, Юстиция министрлиги аймактардын жашоочуларын акысыз адвокаттык колдоо менен камсыз кылуу үчүн мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) системасын комплекстүү жаңыртууну демилгелөөдө.

Коюлган маселелерди натыйжалуу жана ыкчам чечүү үчүн иштер төрт негизги этапка бөлүнгөн.
Юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн Юридикалык жардам кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин уюштуруу кайра каралууда.

Кызматтын координаторлорун учурдагы штаттын чегинде облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын имараттарына жайгаштыруу иштери жүрүп жатат. Бул процессте калктын саны, аймактардын алыстыгы жана жарандардан түшкөн кайрылуулардын саны эске алынат.

Бүгүнкү күндө бар болгон штаттык сан республиканын бардык райондорунда жана шаарларында координаторлордун туруктуу иштешин камсыз кылууга жетишсиз.
Жарандарды жеринде үзгүлтүксүз кабыл алуу үчүн Кызматтын кызматкерлеринин штатын кеңейтүү пландалууда.
Кошумча кызматкерлер өлкөнүн бардык аймактарында юридикалык жардамга муктаж жарандарды кеңири камтуу үчүн жер-жерлерге жөнөтүлөт.
Бул демилге кыймылсыз мүлккө байланышкан жер талаштары жана маселелери боюнча жарандарга мамлекеттин эсебинен акысыз адвокаттык жардам көрсөтүүгө укуктук негиздерди түзөт.
Адвокаттардын эмгегине акы төлөө тарифтерин жогорулатуу пландалууда
Аймактардын тургундарын адвокаттык жардам менен камсыз кылуу, жаңы категориядагы иштер боюнча жардам көрсөтүү жана адвокаттардын калкка укуктук жардам көрсөтүүгө кызыкчылыгын арттыруу максатында Юстиция министрлиги МКЮЖ системасында иштеген адвокаттардын эмгегине акы төлөө тарифтерин жогорулатууну демилгелөөдө.
Бул квалификациялуу адистерди тартууга жана калкка көрсөтүлүүчү юридикалык жардамдын сапатын жогорулатууга шарт түзөт.
Ошол эле учурда Юридикалык жардам кызматы 114 ишеним телефону, жасалма интеллектке негизделген жардамчысы бар jardam.kg порталы жана «Тилектештик автобусунун» көчмө кабыл алуулары аркылуу калкка юридикалык жардам көрсөтүүнү улантууда.
Бул чараларды ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын этап менен толук аткарууга жана квалификациялуу юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.



