Коом

25 — ноябрга карата аба ырайы

​Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 25-ноябрда Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Ал эми күндүз Ысык-Көл жана Нарын дубандарынын айрым жерлеринде гана жаан-чачын болушу ыктымал. Түнкүсүн жана эртең менен кээ бир аймактарды туман каптайт.

​Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

​Аймактардагы абанын температурасы:

  • ​Чүй жана Талас облустарында: +13…+18°;
  • ​Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында: +16…+21°;
  • ​Ысык-Көл облусунда: +6…+11°;
  • ​Нарын облусунда: +5…+10°.

​Бишкек шаарында түнкүсүн жамгыр жаап, күндүз абанын табы +16…+18 градус жылуу болот. Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, термометрдин көрсөткүчү +19…+21 градуска чейин жетет.

Тектеш кабарлар

Back to top button