ИИМ башчысы Өзбекстандын Элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Улан Ниязбеков Саидикрам Ниязходжаевди жооптуу дипломатиялык кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы көп жылдык өнөктөштүк мамилелердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар коомдук коопсуздукту камсыздоо, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, киберкылмыштуулукка жана башка заманбап коркунучтарга каршы күрөшүү багыттарындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга, туруктуу диалогду сактоого жана эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди мындан ары бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.



