Спорт
Кыргызстандык көзү азиз спортчу паратриатлон боюнча дүйнө чемпионатында күчүн сынады

Кыргызстандык спортчу Гүлназ Жүзбаева БАЭде өткөн паратриатлон боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды.
«World Triathlon Multisport Championships Abu Dhabi 2026» турнири 13-ноябрдан 22-ноябрга чейин Абу-Даби шаарында өттү.
Жүзбаева PTVI категориясындагы — көрүүсү жарым-жартылай же толук жоголгон атлеттер арасындагы мелдеште күч сынашты. Аны Оксана Рыбакова коштоду.
Алар аралыкты (сүзүү — 3 чакырым, велоспорт — 120 чакырым, чуркоо — 30 чакырым) 8 саат 17 мүнөт 33 секундада басып өтүштү.
Бул категорияда бир гана спортчу катталган болчу.
Эркектер арасындагы ушул эле категорияда Кыргызстандан эки жуп катышып, алтын жана күмүш медаль тагынышты.



