КоомОкуялар

Аламүдүн капчыгайында кышында жоголгон жигитти издөө иштери кайра башталды

Аламүдүн капчыгайында 13-январдан бери дайынсыз болуп жаткан 28 жаштагы Мукамбеталы Маматалы уулун издөө иши жакындарынын кайрылуусунун негизинде кайрадан жандандырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 3-июнда издөө ишине 34 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 2 куткаруучу 2 дрон менен чыгышты. Мындан сырткары, ИИМден 300 кызматкер тартылды.

Эске салсак, 2024-жылдын 13-январь күнү Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган Мукамбеталы Маматалы уулу аттуу эркек киши дайынсыз жоголгон.

Буга чейин аны издөөгө ӨКМдин 200дөн ашуун куткаруучусу, кинологтор, ИИМден 100дөн ашуун кызматкер тартылып, 17-январдан 23-январга чейин активдүү издөө иши жүргөн. Ошол эле күнү Мукамбеталынын туугандырынын ыраазычылык билдирүүсү менен издөө иши токтотулган. Тилекке каршы жыйынтык болгон эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button