Жанар Акаев: Жеңиш Разаков кызматын тапшырсын же сот алдында жооп берсин

Журналисттердин суроолоруна жооп берген вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселеси боюнча митингге чыккан элди “акчага чыккандар” деген пикирин билдирген.
Жеңиш Разаковдун мындай пикирине макул болбогон ЖК депутаты Жанар Акаев парламенттин жыйынында, ал сот алдында жооп берип же элден кечирим сурашы керектигин билдирди.
Жанар Акаев кыштын чилдесинде алыскы Баткенден келип, өкмөткө чек араны тактап берүү талабын айткан элди “акчага чыккандар” деп атаганы туура эмес дейт.
“Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүнтөн калбай элден кечирим сурашы керек. Анткени, ал кечээ комитеттин жыйынында “биздин чек арага жардам бергиле, тактап бергиле” деп чыккан элди кимдир бирөөлөр каржылап, «акчага чыккан» деп атады. Жеңиш Разаков ошол сөзүнө жооп бериши керек же кызматын бошотуп бериши шарт. Болбосо, сот алдында жооп бериши керек же элдин алдына чыгып кечирим сурасын”, – деди депутат Акаев.
Депутат ошондой эле Баткен районунун Көк-Таш айылынын 11-январда кармалган эки тургунун да бошотуу керектигин кошумчалады.
Эскерте кетсек, кечээ 21-январда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 11-январда Ак үйдүн алдында өткөн митингде элге акча таратылганы тууралуу айткан эле.