Коом

Кыргыз милициясынын генералдары ЖКККББнын жана Атайын багыттагы полктун кызматкерлерине акыл-насааттарын айтышты

2023-жылдын 2-март күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Генералдар кеңешинин мүчөлөрү Ички иштер министрлигинин ЖКККББнын жана Атайын багыттагы полкунун өздүк курамы менен жолугушту.

Жолугушууга Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал- майору Октябрь Урмамбетов, Генералдар кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, ИИМдин Генералдар кеңешинин мүчөлөрү милициянын отставкадагы генералдары Кемелбек Киязов жана Талант Исаев.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгынын талаптарын аткаруу максатында уюштурулду.
Бул иш-чарада Садырбек Дубанаев «Менин милициям мени коргойт» деген ишенимди ар бир жарандын көкүрөгүнө орнотуу-эң башкы милдет. Кыргыз жергесинде милиция кызматы түзүлгөндөн тартып, эл камында ак эмгегин арнап кызмат өтөп келе жатат. Эгемендик жылдардан бери эле кыргыз милициясы эмнелерди гана башынан өткөрбөдү. Криминогендик кырдаал кыйла татаал болгон жылдары да милиция көптөгөн каармандыкты жаратып, коомдук коопсуздукту туруктуу сактоого жетише алган. Ал кездеги кыйынчылыктарды мына ушул жерде олтурган ардагерлерибиз жакшы билет. Ары татаал да даңктуу да жолду басып өтүп, кыргыз милициясынын калыптанышына ар бир ардагер зор салым кошкон” –деп белгиледи.
Бул жолугушуунун жүрүшүндө, ардагерлер укук коргоо органдарынын мурунку убактардагы натыйжалуу аракети менен өлкөнүн коопсуз өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлгөнүн, эми мындан ары да улуулардын даңктуу жолун улап, өз милдетин намыс менен аткарып, милициянын сыймыгы болуп, чыныгы кесипкөй кызматкерлердин катары толуктай беришин белгиленди.
Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө дээрлик бир кылымдык узак жолунда милиция өзүнө тагылган милдеттерди ар намыс менен аткарып, элдин ишенимин татыктуу аркалап келе жаткандыгы айтылып, мындан ары да элге ак ниеттүүлүк жана берилгендик менен кызмат өтөө керек экендиги белгиленип, жарандардын мамлекетке, бийликке болгон ишеними катардагы милиционерден башталаары айтылды.
Октябрь Урмамбетов мамлекет тарабынан милициянын ишин ыңгайлуу шарттар менен камсыз кылуу үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттер көрүлүп жатканына токтолуп, материалдык-техникалык база оңолуп, оргтехника, атайын техника менен камсыздоо жаатында алгылыктуу иштер жүрүп жатканына токтолду. Ошондой эле, былтыркы жылдан тартып жалпы ички иштер органдарынын айлыгы бир кыйла көбөйгөнүн, андыктан ИИОнун кызматкерлери өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана туруктуулукту камсыз кылуу багытында натыйжалуу жыйынтыктарды көрсөтүү менен ар бир кызматкер кесипкөйлүгүн жогорулатуу керек экендигин баса белгиледи.
Жыйынтыгында кандай мезгил болбосун милицияга болгон коомдун ишеними жана талабы жогору бойдон кала берери, андыктан милициясынын өзөгүн, ички иштер кызматкерлеринин басымдуу көпчүлүгүн ак ниет, намыстуу, мекенге берилген инсандар түзүзүп, милициянын катарында жогорку кесиптик жана руханий-адеп-ахлактык сапаттарга ээ болгон гана адамдар кызмат кылуусу керектиги айтылды.
Жыйындын соңунда милиция кызматкерлери өздүк курамга акыл-насааттарын айтып, бай тажрыйбасы менен бөлүшкөн генералдарга ыраазычылыгын билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button