Таштандыны жолго ыргыткан аялга 5500 сом айыппул салынды
Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык
инспекциясы күн сайын шаардын ар бир районун кыдырып, шаардагы тазалыкты көзөмөлдөп,
тазалыкты сактабаган, эрежелерди бузган жарандарды аныктоодо.
Баш калаада Ч.
Айтматов кең көчөсүндөгү 4-үйдө жашаган аял, таштандысын челектерге жеткизбей, уруксат берилбеген
жерге ыргытып жиберген. Бул факт
боюнча протокол түзүлүп, тартип бузуучуга 5 миң 500 сом өлчөмүндөгү айып пул
салынган.
Ушул сыяктуу окуя № 5-микрорайонундагы «Оптима
банк» компаниясына карата өнөр жай калдыктарын ыргытышканы үчүн протокол
түзүлгөн.
Бишкек мэриясы шаардыктар, ишкерлер жана
уюмдардын, үйүңүздөрдүн,
кеңселериңиздердин тегерегинде тартипти сактап, уруксат эмес жерлерге таштанды
ыргытпаңыздарды суранат.
Эскерте кетсек, өткөн жылы коомдук жайларды булгаган жарандарга 5500 сом айыппул төлөө боюнча мыйзам чыккан.
Abal.kg



