Окуялар

Люктун ичинен өлгөн адамдын сөөгү табылды

Кечээ, Чүй облусунун Аламүдүн районунда адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Куткаруучуларга Энергетиктер шаарчасындагы үйлөрдүн жанындагы люкта адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге төрт куткаруучу барып, жансыз денени чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Маркумдун сөөгү ал жакта канча күн жатканы белгисиз, күбөлөрдүн айтымында болжол менен 3-4 күн же андан да көп жаткан окшойт. Анткени сөөк аябай сасып, жыттанып кеткен.

Учурда маркумдун өздүгү такталып, ким өлтүрүп,люкка салганы иликтөөгө алынды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button