Дүйнө

Рим Папасы сыйынгандар менен жолугушуп, ооруп калды

Рим Папасы Франциск l кечээ сыйынганы келгендер менен кол алышып, учурашып, алар менен баарлашкандан кийин өзүн жаман сезе баштаган.

Рим Папасынын дене табы көтөрүлүп, кышылдап жөтөлгөнү байкалган. Италияда жайылып аткан  коронавируска карабай 83 жаштагы Рим Папасына келип, Ыйык Петр аянтчасына сыйынгандардын саны арбын.  Рим Папасы анын колун кармагандарга баш тартпай суна берген.

Дарыгерлер Рим Папасын текшерип, анын суукка урунуп калганын айтышты. Бирок, жергиликтүү маамылмат басылмалар Рим Папасынын ооруну жуктуруп алган, албаганы тууралуу так маалымат жок экенин жазышууда.

Эскерте кетсек, Италияда 650 киши коронавирус жуктуруп, 16 киши көз жумганы  акыркы расмий маалыматта белгилүү болду.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button