Маданият
Ырчы Анжелика: “Жашоонун даамын эми татып баштадым…”

Эстрада ырчысы Анжелика Инстаграмдагы баракчасына 30 жаш курагы абдан жагып, бактылуу болуп жаткандыгын айтат. Ал:
“Жашоонун даамын эми татып баштадым. Бардыгына чечкиндүү
болуп, чоң жоопкерчилик менен жумушчуларыңды башкарып, ошол эле учурда өзүңдү
аяп, эң жакшы нерселерди гана арнап калат экенсиң.
Азыркы курагым мага абдан жагып жатат. Жаш болгуң келсе, образыңды өзгөртүп
койсоң жетишет. Улуу көрүнгүң келсе токтоо мүнөзүң менен иш алып барасың.
Баракчамдын катталуучуларынын көбүнчөсү 30 жаштагылар. 30 жаштагы инсандар,
классташтарым , комментарий калтырып коюңуз”.
Ырчы айымдын бул жазганына жагымдуу пикир калтыргандар да, арасында аны урушкан пикирлер да болду.
Abal.kg



