Коом
Коронавирус. Кыргызстанда иш-чаралар жылдырылды, Нооруз майрамы кандай болот?
Быйыл март айынын аягына пландалган Жаштар уюмдарынын фестивалы коронавирустан улам белгисиз мөөнөткө жылганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчи орун басары Мирлан Парханов билдирди.
Анын айтымында, иш-чарага 500-1000ге чейин киши катыша тургандыктан аны жылдыруу чечими кабыл алынган.
“Кыргызстанда жаштардын көптөгөн уюмдары бар. Биз алар бири-бирин таанып билиши үчүн аянтча уюштуралы дегенбиз. Коронавирус чыккандыктан бул иш-чараны өткөрүү белгисиз мөөнөткө жылды. Андан сырткары пландалган бир катар иш-чаралар дагы кайрадан каралат”, — деди ал.
Ал эми коомчулукта 8-март Аялдардын эл аралык күнү, 21-март Нооруз майрамы коомдук жайларда майрамдалабы деген суроо турат.
Abal.kg



