Бишкекте «АгроТехЭкспо-2026» көргөзмөсү жана «Алтын күз» жарманкеси ачылды

Бишкекте «АгроТехЭкспо-2026» эл аралык адистештирилген көргөзмөсү жана салттуу айыл чарба продукцияларынын «Алтын күз» жарманкеси ачылды.
Көргөзмөнүн катышуучулары айыл чарбасындагы алдыңкы техникалар, инновациялык технологиялар, көп спектрдүү дрондор, дыйкандар үчүн иштелип чыккан iDiykan санариптик платформасы менен тааныша алышат.
Ошондой эле асыл тукум мал чарбачылыгы жана балык өстүрүү тармактарындагы жетишкендиктер көрсөтүлүүдө.
Ал эми «Алтын күз» жарманкесинде Кыргызстандын бардык аймактарынан келген дыйкандар жана ата мекендик өндүрүүчүлөр шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна жаңы жашылча-жемиштерди, эт жана сүт азыктарын, балды жана башка айыл чарба продукцияларын жеткиликтүү социалдык баада сунушташууда.
Иш-чара Т. Усубалиев атындагы Эски аянтта 23-октябрдан 25-октябрга чейин өтөт. Жарманке саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт.



