Коом
Кыргызстандын тоңдурулган жер-жемиши дүйнөлүк рынокко чыгууда

Кыргызстандын тоңдурулган жемиштери дүйнөлүк рынокко чыкты.
Ушул жылдын январь-август айларында өлкө 3,6 миң тоннадан ашык продукция экспорттогон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 эсеге көп. Импорттоочу өлкөлөрдүн ичинде ЕАЭБ мамлекеттери алдыңкы орунда турат.
1.Россия — 2,3 миң тонна;
2.Түркия — 538,8 тонна:
3.Өзбекстан — 239,2 тонна;
4.Казакстан — 187,7 тонна;
5.Сербия — 176,9 тонна;
6.Польша — 120 тонна;
7.Болгария — 82 тонна;
8.Франция — 20 тонна.
Ошондой эле Япония дагы чакан көлөмдө алган.



