Путинге «Мага үйлөнүңүзчү» деген бийкеч президенттен кырк жаш кичүү актриса экен

Путинге “мага үйлөнүңүзчү” деген Ивановонун балдар театрынын актрисасы Юлия Шилова РИА Новостиге берген интервьюсунда көптөн бери эле президентке суктанып жүргөнүн, эгер баш кошуп калышса, биринчи ледиге тагылган милдетти аткара алаарын айтты.
Ивановонун тургуну РИА Новостиге, аты-жөнү Юлия Шилова экенин, балдар театрында актриса болуп иштерээин, жашы 28де, турмуш кура электигин айтып берди. “Мага күйөө боло турган, көңүлүмө толгон, ылайыктуу эркекти таба элекмин” деди ал.
Юлия президентти көптөн бери жактырып жүргөнүн кошумчалады:
“Мага анын өлкөнү кантип башкарганы жагат. Ал аябай эрктүү, көздөгөнүнөн тайбаган, күчтүү, ал берген пресс-конференциялардын баарын көрүп жүрөм. Кандай ишти болбосун өтө компетенттүү чече билгенине, эл аралык сүйлөшүүлөрдүн учурунда өнөктөштөрү менен өзүн эркин, ишенимдүү алып жүргөнүнө суктанам”, -деп билдирди, Юлия президетке болгон мамилесин.
Путин Иваново шаарына визит менен келген күнү, бийкеч протокол кызматы аркылуу фотографияларын берүүгө, андан соң президент менен көзмө-көз сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
“Мен, аны күтүп атышкан адамдардын жанына келип калышы мүмкүн деп ойлогом. Не бар, не жок деп фотолорумду алып алгам. Аларды протокол кызматы аркылуу берүүгө туура келди. Мага аларды коомчулук менен байланышуу бөлүмүнө беребиз деп айтышты. Кокус мага чалып калса, фотографияларда телефон номерим жазылган”, -деди Юлия.
Путин аны күтүп атышкан кишилер менен сүйдөшүү үчүн токтоп, ага көңүл бурганда бир чети кубанып, бир чети толкунданып кеткенин айтты кыз. “Адамдар мен аны арбап койгондой ойлоп калышты окшойт. Мен ага: “Владимир Владимирович, мага үйлөнүңүзчү, мен сизге турмушка чыгайын!” дедим. Ал: “Кызык сунуш экен, атыңыз ким?” деди. Мен: “Юлия” дедим. Тилекке каршы биздин сөзүбүз андан ары уланган жок” – деп айтты бийкеч.
“Мага мүмкүнчүлүк келди, мен аны пайдаландым” деди Юлия кошумчалап. “Мен президенттин жары боло алмакмын. Балким бул айтканым башкаларга өзүмдү көтөрө чалгандай туюулушу ыктымал, бирок, колумдан келет эле деп ойлойм”, -деди бийкеч. Бирок мындан көп деле үмүт кылбасын айтты, ал.
“Эми ал фотографияларымды көрсө…” — деп сөзүн бүтүрдү Юлия.
Abal.kg