Коом
Бишкектеги дарыгерлер кызматтан кетип атышат. Себеби…
2020-жыл жаңыргандан бери Бишкектеги тез жардам кызматынан 19 киши кызматтан кетти. Аны Бишкек шаардык кеңештин жыйынында мэриянын Саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова айтты.
Ал эки айда эле тез жардамдагы беш дарыгер менен клиникалык ординатурадагы 14 киши иштен кетип калган деди.
“Алар жумушка чыкпай коёт. Бүгүн дарыгерлердин айлыгы өтө төмөн. Эки жыл эптеп иштеп андан кийин Россияга кетип, же жеке клиникаларга кетип калгандар бар”, — дейт ал.
Abal.kg