Аба-ырайы. Эми күн катуу жылыйт

Кыргызстанда апта аягында жана келерки аптада абанын температурасы жогорулайт. Дем алыш күндөрү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
14-мартта, Чүй, Талас облустарында абанын температурасы түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20 градуска чейин жылыйт. Нарын, Ысык-Көл аймактарында түнкүсүн 5…0 градус суук болсо, күндүз 5…10 градуска жылыйт. Бишкекте күн ачык болуп, түнкүсүн абанын температурасы 2…4, күндүз 17…19 градуска жетет.
Жекшемби, 15-мартта, абанын температурасы жогорулайт. Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22 градуска чейин жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23 градуска жылыйт. Нарын жана Ысык-Көл облустарында түнкүсүн -4…0 градус суук болсо, күндүз 5…10 градус жылуу болушу күтүлүүдө. Бишкек шаарында түнкүсүн 3…5 градус, күндүз 20…22 градус жылуу болот.
Эскерте кетсек, 11-марттан баштап абанын температурасы жогорулай баштаарын Кыргызгидрометтен билдиришкен эле.
Abal.kg