Канаданын премьер-министри Трюдонун жубайы коронавирус жуктуруп алды

13-мартта ОТТАВАдан ТАСС билдиргендей, Канаданын премьеринин абалы жакшы, бирок баары бир эки жума ал дагы карантинде болот.
Канаданын премьер-министринин жубайы Джастина Трюдо коронавирус жуктуруп алды. Бул туурасында бейшемби күнү Канаданын өкмөт башчысынын пресс-секретары Кэмерона Ахмад билдирди.
“Медиктердин сунушу менен Софи Грегуар-Трюдо коронавирус COVID-19 боюнча тесттен өткөн. Натыйжада тумоо жуктурганы далилденди”, Кэмерон Ахмад, Канада өкмөт башчысынын пресс-секретары.
Ахмаддын айтуусуна караганда премьер-министрдин жубайы изоляцияда болот. «Абалы жакшы, сактануунун баардык чараларын жасап жатат. Анда оорунун жеңил эле симптомдору бар” деп тактоо киргизди пресс-секретарь.
Билдирүүдө белгиленгендей “үй карантинине чыккан” Трюдо өз милдетин толук аткарганын улантып жатат. Жума күнү Трюдо элге билдирүү жасайт. 12-мартта Трюдо өзүнүн жеке жолугушууларынын баарын телефон режими аркылуу ишке ашырган.
Канадада коронавирус тумоосу биринчи ирээт 25-январда каталган. Азыркы учурда ооругандардын саны 138, ал эми 1 киши көз жумган.
Акыркы маалыматтарга таянсак Коронавирус Covid-19:
-жуктурганы 128 343
-көз жумганы 4 720
-айыкканы 68 324
Abal.kg



