Дүйнө

Коронавирус. Италияда маркумдарды көмө албай атышат. Эмне үчүн?

«Италиялык актер, «Гоморра» сериалынын жылдызы Луке Францезе коронавирустан көз жумган уялашын көмө албай атканын  айтты» деп билдирет  Башня. ру маалымат агенттиги.

Маркумдарды көмө турган кызматтар ага келгенден баш тартышкан. «Жаным катуу ачынып турат, ошентсе да мен муну жөнгө салышым керек. Биякта, керебетте менин карындашым жатат. Ал өлгөн! Эмне кылышты билбейм», — деп жазды Францезе Фейсбукта (Facebook).  

Актер карындашына татыктуу зыйнат көрсөтө албай атканын айтат, анткени маркумдарды көмө турган кызматтар ага көңүл да бурбай, таштап коюшкан. Баштарына түшкөн кыйынчылыктары менен адамдарды жападан жалгыз калтырып койду  деп Францезе италиялык бийликтерди күнөөлөп чыкты.

Abal.kg  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button