Коом

ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов экс-вице-премьер Жеңиш Разаков тууралуу жалган маалымат тараткан деп табылды

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, Асанов жана анын өкүл уулу (ЖМКлардын биринин редактору) Разаковдун Тажикстанда 3 күн жүргөндөн кийин жазган түшүнүк катын тараткан. Анда Разаков ал жакка барганын эч кимге айтпай койгону маалымдалган. 

Кийинчерээк соцтармактарда Разаковду Тажикстандын пайдасына тыңчылык кылган деп айыптап, ЖК депутаттары да ушундай эле билдирүүлөрдү жасаган. Мындан улам Разаков Асановго каршы арыз жазган.

Биринчи май райондук соту Асановду күнөөлүү деп таап, бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу өкүм чыгарган жок. 

Ошондой эле Асанов Кой-Таш окуясы боюнча толугу менен акталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button