Коронавирус. АКШда атайын жасалганын эксперт айтты

Бир топ америкалык окумуштуулар 2015 – жылы COVID-19 коронавирус инфекциясын жасашкан деп айтып берди БУУнун (ООН) бактериологиялык курал боюнча мурдагы эксперти Игорь Никулин. Бул туурасында 17-мартта Politexpert.net жарыя кылды.
Бул инфекцияны америкалыктар чыгарган деп эсептешет Кытайдын бийликтери. Саясий иликтөөлөр институнунун директору, политолог Сергей Марков, КЭРдин (Кытай Эл Республикасы) дооматында логика бар деп санайт.
Марковдун пикири боюнча, Кытайга каршы маалымат согушунун алкагында Америка коронавирус кытайдыкы деп жатат. Ошол эле учурда кытайлыктар бул инфекция америкалык болуп жүрбөсүн деген акыйкат суроо берип атышат. Азыр Кытай бийлиги бул суроосуна жетиштүү далил таба элек. Бирок, бактерологиялык куралды иштеп чыгарууга америкалыктардын тиешеси бардыгын көрсөткөн кыйыр факторлор бар.
Политолог АКШнын Ухандагы мурдагы консулдугунун территориясында кытайлыктар «бактериологиялык коркунуч» деген белгиси бар бош банкаларды табышкан, деп айтты. Булардын коронавируска тиешеси барбы деген дагы бир акыйкат суроо туулат.
«Теориялык жактан алганда тиешеси болушу толук мүмкүн. Вирустун өзү болбосо да анын компоненттери болуп калышы ыктымал. Мындай суроолорду жалпы элдин алдына талкууга алып чыгышып кытайлыктар туура кылып атышат, – деп эсептейт политолог.
БУУнун (ООН) биологиялык жана химиялык курал боюнча комиссиясынын мурдагы мүчөсү Игорь Никулин политологдун оюуна кошулат. 2015 году Nature журналына адамдын клеткасына ортомчу жаныбарсыз эле түз кире турган кытай жарганатынын модификацияланган коронавирусу боюнча эксперимент жасалганы туурасында макала басылып чыккан. Бул иликтөө өтө коркунучтуу экени айтылган, деп кошумчалады ал.
«Бул кокустан чыгып кеткен маалыматпы (утечка), аны америкалыктар өздөрү айтышсын. Биз азыр айта албайбыз, дипломатиялык почта менен Кытайга аң-сезимдүү түрдө атайылап алып келиштиби же жокпу. Бирок, вирус жарыкка АКШда келгени, менин пикиримче, анык», – деп сөзүн акятады Игорь Никулин.
Баардык версиялар деталдуу талдоону талап этет. Бирок бир нече факторлор буга АКШнын тиешеси бар экендигин көрсөтүп турат.
Abal.kg



