Дүйнө

Коронавирус. Россияда 253 адамга жетти

Азыр ушул маалга карата Россияда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 253кө жетти. Өлкөнүн 9 аймагында 54 илдетке чалдыккан жаңы бейтаптар катталды, деп билдирди коронавирус инфекциясын алдын-алуу   жана ага каршы ыкчам күрөшүү штабынан. Бул туурасында  20-мартта  ТАСС маалымдады.

«Акыркы сутканын ичинде коронавирус илдетине чалдыккан 54 жаңы жаран Россиянын 9 аймагынан катталды. Россия Федерациясында азыркы учурда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 253кө жетти», — деп билдиришти штабда.

Коронавируска жаңы чалдыккан 33 киши Москвада катталган. Штабдын билдиргенине караганда борбордо тумоологондордун саны 131 бейтап болду.

Мындан сырткары Якутияда алты,  Санкт-Петербург менен  Самара областтарында төрттөн, Киров менен Новосибирск областтарында экиден, Москова, Ульяновск жана Тюмень областтарында бирден жаңы бейтаптар катталды.  Айыккандар 12ге жетти.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button