Умрадан келгендер карантиндин талаптарына баш ийбей жатышабы?

Бишкектеги «Манаста” карантинде жаткан умрага зыяратка баргандар тартипти сактабай жатканы тууралуу ошол жерде жаткан башка адамдар нааразы экенин интернет баракчасына жазып чыгышты.
Умрага зыяратка баргандар “Манастагы” Американын мурунку базасында карантинге жаткырылган. Зыяраттан кайтып келип, карантинге жаткырылгандар ал жактагы шартка көнбөй жана тартипти сактабагандыктан алар менен чогуу карантинде жаткан башкалар нааразычылыгын билдиришти. Бул тууралуу Twitter баракчасына Индиядан келип, карантинде жаткан адам жазган.
“Умрага зыяратка барган адамдар беткап кийүүдөн баш тартып, жөтөлгөндө же чүчкүргөндө ооздорун жабышпайт. Тар коридордо ары-бери басып, башкаларга жол беришпейт. Талаптарды аткарышпай, өздөрүнүн талаптарын коюп жатышат”,- деп жазды ал.
Ал жердеги карантинде жаткан башка адамдар зыяратчыларды башка жакка жаткырууну талап кылышууда.
“Адегенде зыяратчылардын үй-бүлөсү менен баргандарды башка бөлмөлөргө жаткырышкан, аялдар менен эркектерди эки башка кабатка өзүнчө бөлүшкөн эле. Бирок зыяратка аялы-күйөөсү менен баргандар буга макул болушпады. Көпчүлүк зыяратчылар аялдары жашаган жерге чатыр тигип кайтарып жатышат” деди ал.
Карантинде жаткан адамдардын бири самолетто да зыяратчылар ызы-чуу чыгарганын жазып чыккан социалдык тармактарга:
“Самолет жерге конуп, дарыгерлер текшеребиз, күтө тургула дегенде да зыяратчылар ызы-чуу чыгарып, врачтарга жаман сөз айтып, кое берүүсүн талап кылышып, намаз окуйбуз дешкен эле. Ызы-чуудан улам аларды намазканага кое беришти” деп жазган.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда азыркы тапта 14 киши коронавирус жуктуруп, дарыланууда. Коронавирус жуктургандардын көбү Сауд Аравиясына умрага барган зыяратчылар.
Abal.kg



