«Баары аябай жаман болот»: АКШнын башкы хирургу абалга катуу тынчсызданууда

АКШнын башкы хирургу Джером Адамс үйүңөрдөн чыкпагыла деген бийликтин рекомендациясын кенебей атышкан мекендештерин катуу сындады. «Мен Америка эсине келсин деп атам, ушул жумада баары аябай жаман болот», — деди врач.
Американы коронавирусту жуктургандардын санын кескин өсөөрү күтүп турат. Бул тууралуу NBC телеканалынын эфиринде АКШнын башкы хирургу Джером Адамс билдирди. Муну 24-мартта РИА Новости маалымдады.
«Мен Америка эсине келсин деп атам, ушул жумада баары аябай жаман болот», — деди врач.
АКШнын башкы хирургу Джером Адамс үйүңөрдөн чыкпагыла деген бийликтин рекомендациясын кенебей атышкан мекендештерин катуу сындады. Кээ бир америкалыктар Калифорниянын жээктеринде эс алганын улантып атышса, а Вашингтондо адамдар Улуттук моллго барып атышканын айтты ал. Медиктин сөзү боюнча, бийликтер АКШнын башка шаарлары да өлкөдөгү эпидемиянын борборуна айланган Нью-Йорктун жолуна түшкөнүн каалабай жатышат (Нью-Йорк карантинге жабылган).
Акыркы маалыматтарга караганда АКШда 33 миңден ашуун корорнавирус жуктургандар катталган (бышыкталганы жана «алдын ала оң реакция бергени»), 400 киши көз жумган.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча азыр дүйнө жүзү боюнча 330 миң киши ооруп, 14,5 миң киши каза тапкан.
Abal.kg