Дүйнө
ТИМ кыргызстандыктарды Израиль менен Ливанга барбай турууга чакырат

Министрлик эки мамлекеттеги Кыргызстандын жарандарына да кайрылып, региондо кырдаал турукташканга чейин ал жактан чыгып кетүү керектигин айтты.
Зарыл учурда жардам же консультация алуу үчүн мекендештер Кыргызстандын Кувейттеги элчилигине (+96525359951), Түркиядагы элчиликке (+905456896800) жана ТИМдин Консулдук департаментине (+996 999 312002) кайрыла алышат.
Израилдин Куралдуу күчтөрүнүн авиациясы дүйшөмбү күнү эртең менен Ливандын түштүк жана чыгышындагы кыштактарды жапырт аткылоого алган. Айылдар жабыркап, 100дөгөн кишинин өмүрү кыйылган.


