Коронавирус. Лев Лещенко тууралуу карама-каршылыктуу маалыматтар тарады

Мындан үч күн мурда Москванын Коммунарка кыштагындагы инфекциялык ооруканасына коронавируска шектелип жаткырылып, эртеси реанимацияга которулган атактуу ырчы РСФСРдин эл артисти, 78 жаштагы Лев Лещенко тууралуу кечээ «Лента.ру» өз маалыматтарына таянып, андан коронавирус табылганын, абалы оорлоп кеткенин, эки тараптуу пневмониянын негизинде өпкөсүн шишик баса баштаганын маалымдаган. Бул тууралуу Рамблер билдирген.
Бирок ошол эле күнү кечинде Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко 26-мартта «Время» жаңылыктар программасынын эфиринде “Биринчи кезекте коллегаларыма – медиктерге рахмат, алардын аракети оң натыйжасын берди, Лев Валериановичтин абалы оңоло баштады.Бул бизди кубандырбай койбойт” деген.
Андан соң министр “ал кислород менен күчөтүлгөн колдоого муктаж эмес, демек баары жакшы аяктайт деген бизде бүгүн үмүт бар” деп кошумчалаган эле.
Ылайым эле миистрдин айтканы келсин!
Abal.kg