Дүйнө
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон коронавирус жуктуруп алды

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон коронавирус жуктуруп алганын РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты.
Буга чейин Британиянын ханзаадасы Чарльз коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. Бирок ханзаада коронавирустун жеңил формасы менен ооруп, жубайы менен Шотландиядагы үйүндө дарыланып, карантинде жатат.
Эскерте кетсек, бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккан 465 миңден ашык адам дарыланууда, 21 миң киши көз жумду.
Abal.kg