Окуялар
Коронавирус жуктурган үч бейтаптын абалы оор, реанимацияда

Кыргызстанда коронавирус жуктурган үч адам реанимацияда жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, аталган бейтаптар Ноокат жана Сузак райондорунун тургундары.
“Коронавирус жуктурган адамдардын баары ооруканада жатат. Анын ичинен үчөө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө. Алардын экөө Ноокат, бирөө Сузак районунда. Бейтаптарды Бишкектен жөнөтүлгөн дарыгерлер карап жатат”, — деди Мамбетов.
Өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 84кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.
Abal.kg