Маданият
Мирбек Атабеков терезеден кошуналарына ырдап берди(видео)

КР эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков карантин убагында көп кабаттуу үйүнүн балконунан кошуна үйдөгүлөргө концерт берген видеосу чыкты.
Видеодо кечки коменданттык саат учурунда ырчы терезеден элге микрофон менен кайрылып, орусча, кыргызча, англисче ырдап атканын көрүүгө болот. Мирбек Атабековдун видеосун анын үйүнөн апасы тартыптыр.
Видеодо кошуналары Мирбек Атабековго кол чаап, терезеден баштарын чыгарып, коштоп ырдап атканын көрүүгө болот.
Abal.kg