Коронавирус сүйлөшүп жатканда да жугат дешти адистер

Коронавирусту жөн эле сүйлөшүп жатканда да жуктуруп алса болот — Утро.ру.
Кээ бир окумуштуулардын кооптонуулары бышыкталды: кытайлык бул инфекция аба аркылуу да жугат экен. Баарынан да илдеттин симптомдору ачык-айкын көрүнгөндөрдөн гана эмес, сыртынан соо адамдай туюлган, ооруганынын эч кандай белгиси жоктордон да өтөт экен. Мындан бир аз эле мурунку иликтөөлөрдөн вирусологдор ушундай тыянакка келишти. Бул туурасында 5-апрелде Vazhno.ru маалымдады.
Вирус аба аркылуу да тарайт, деди Квинсленд технологиялык университетинен инфекционист Лидия Моравска.
Кечээтен бери Евроньюс, Германияда жана башка Европа өлкөлөрүндө, көчөгө чыкканда сөзсүз маска кийип чыккыла, анткени сүйлөшүп жатканда вирус ооздон чыккан аба толкуну, же буусу аркылуу жугат экен деп жарандарына эскертип жатканын көрсөтө баштады.
Abal.kg