Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ 9-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Мамлекет башчы өлкөдөгү эпидемиологиялык абал курчуп
турган учурдагы медицина кызматкерлеринин өзгөчө ордун белгилеп, коронавирус
менен күрөшүп жаткан бардык медициналык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.
Жээнбеков мындан тышкары дарыгерлерди коргоо каражаттары менен камсыздоону
тапшырып, медициналык кызматкерлер мындан ары да мамлекеттин коргоосуна
алынарын кошумчалады.
Президент Жээнбеков министр Абдикаримов менен өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирустун жайылуусуна жол бербөө аракеттери тууралуу сүйлөштү, илдет көп катталган аймактарда санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүүнү тапшырды
Саламаттыкты сактоо министри өз кезегинде учурда коронавируска каршы жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Абдикаримов президентке маалымдагандай, учурда медициналык мекемелер бардык зарыл каражаттар менен жабдылган, жеке коопсуздук жабдуулары жана жасалма дем алдыруучу аппараттар жетиштүү. Лабораторияларда ооруну аныктоочу тест-системалар да толук.
Abal.kg