Карантин.Сатуучу кыз улгайган байбичени уят сөздөр менен сөктү(видео)

Дүйнөдө коронавирус тараган өлкөлөрдүн дээрлик бардык аймактарында карантин киргизилген. Айрым мамлекеттерде Кыргызстандыкы сыяктуу эле коменданттык саат режими да кирген.
Мындай кырдаал көпчүлүк адамдардын психикасына доо кетирип жатабы, айтор интернет тармагында сатуучу кыздын олуттуу себепсиз эле улгайган аялга кыйкырып, сөгүп, урушкан видеосу тарады.
Видеодо сатуучу кыз ушунчалык ызасы менен улгайган аялды жаман сөздөр менен сөккөнү бар. Ал эми бул окуя кайсыл жерден тартылганы белгисиз. Болгону орус улутундагы кардар аял жана азиат улутундагы сатуучу кыздын урушканын тартып алган адамдар интернетке жүктөгөн. Балким бул Казакстанда, же болбосо бизде болгондур. Балким, араңарда ушундай окуяга күбө болгондор да бардыр. Бирок, эмоцияга алдырбай сабыр этеличи. Өзүбүздүн да, башкалардын да нервин аяйлы.
Abal.kg