Коом

Журналист Баяна Кулова: Гулянын айтканын кечирдим, бирок ал оозуна ээ болушу керек

Жакында эле Бишкек шаарынын мэри А. Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алманбетова социалдык тармакка көп балалуу үй-булөлөрдү жек көрөөрү тууралуу пикирин жазып, коомчулукта катуу сынга кабылган.

Гуля Алманбетованын  көп балалуу үй-бүлөлөргө айтылган жек көрүү пикирине журналист Баяна Кулова ал мыйзам алдында жооп бериш керектигин баса белгилеп, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жана энелердин кадыр-баркына доо кетиргенин жазган эле.

Журналист Баяна Кулова бүгүн, 19-апрелде фейсбук баракчасына Гуля Алманбетованын туугандары андан кечирим сурап келгени тууралуу окуяны маалымдады.

“Чынын айтсам ушул темадан жаман чарчадым….
Ит болсо деле бир тууган кыйын тура, аксакал башы менен кечирим сурап, Гулянын туугандары карантинге карабай үйүмдүн эшигинен кетпей жүрүшөт.
Таң калганым мунун алтындай бир туугандары бар экен, эми сөздөрүнүн ордун айт, кичи пейилдигин айт, акылдуусун айт. Сенин акылсыздыгыңдын айынан эже, агаларың баласындай балдардан кечирим сурап жалдырап турганы сага оор тийбегенине өкүндүм.
Ушулардын арасынан бир сасыткы чыгып калганына таңмын. Апам менен тең аялдын «айланайын балам, Аллах үчүн кечир ал айбанды, апам укса эмне болот, кантип чыдайт»-десе жанымды коёорго орун таппай, сотко арыз жаза албай койдум.
Эшикте рамазан, кечиримдүүлүктүн айы турат. Гуля өзү дагы ЛИЧНО кечирим сурап, катасын моюнуна алды. Келечекте он балага апа болгусу келген, АЛЛАХтан үмүтү бар адам катары мен сени кечирдим. Бирок мен бир эле жолу кечирем, оозуңа ээ болуп жүр!!
Сага акыркы жолу эскертип атам.Балбак Тулобаевдин да өтүнүчүн четке кага алган жокмун.
Бирок сен мэриядан кетишиң керек, СРОЧНО!!!
Ошончо эле мэр Азиз Суракматовдун өз алдынча чечим чыгарууга акылы жетпей, сенин кеңешиңе муктаж болуп жатса , сеникинен сонун кеңешти мен деле бере алам!”- деп жазды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button