Окуялар

Эки эркек менен укук коргоочу органынын өкүлүнүн мушташын алматылык видеого тартып алган (видео)

Акыркы убактарда соцжеледе эки эркек укук коргоочу органдын өкүлүнүн АЗСтин жанындагы мушташы тууралуу видеоролик тарап кеткен.

Видеороликти өз Instagram баракчаларында бир нече пабликтер, жакында эле болгон окуя дешип жарыялап жиберишкен. Ошондой эле Sergek_kaz Instagram-тобу да роликтин кадрларын жарыялаган.

Окуя жакында эмес, тескерисинче мындан бир жыл мурда Алматыда болуп өткөн экен. Бул туурасында Алматы калаасынын полиция департаменти комментарий берди, деп билдирди NUR.KZ маалымат агенттиги, 19-апрелде.  

Бир жарым минуталык ролик, полицейскийдин формасын кийген жигит эки эркек менен бир нерсе тууралуу кыжылдашып жатканынан башталат. Андан соң кыжылдашуу мушташка өтүп кетет. Полицейский менен эркектердин бирөө мушташып, экинчиси аларды ажыратуу аракетин көрүп жатат.  

Анан АЗСке дагы бир машина келип калат. Андан эки эркек түшүп, тигилердин чырын басканга аракеттенишет. Окуя эмне менен бүткөнү белгисиз, анткени ушул  жерден видео үзүлөт.

Видео бир жыл мурда Алматынын Бостандык районунда тартылган. Ошондо эле тийиштүү чаралар көрүлгөн, деп билдирген, Алматы калаасынын полиция департаменти. Бул жакында болгон окуя, деп, интернетте өтө активдүү таратып жаткандарга «Бул андай эмес, калп маалымат», — деп айтышты, департаментте. Ушул кадрларды жакындагы окуя катары көрсөтүп, элге дезинформация берип жаткан казакстандыктар жазасын алышат, деген департаменттин эскертүүсү менен маалыматын жыйынтыктаган NUR.KZ.   

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button