УКМК: Интимдик кызматтар аныкталды

Мамлекеттик комитеттин жетекчилигинин көрсөтмөсү менен коомчулуктун жана улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгына зыян келтирүүчү шарттарды аныктоо жана зыянсыздандыруу, баңгизаттар да кошо таратылган сойкуканалардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын УКМКсы тарабынан Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы менен бирдикте “Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү” фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында текшерүү жүргүзүлүп, акчалай сыйлык үчүн Кыргыз Республикасынын аймактарына интимдик кызмат көрсөтүүгө чыгып, ал нерсеге жаштарды тартып жүргөн Токмок шаарынын тургундары – 1996-жылы туулган А.К.Н. жана 2003- жылы туулган А.С. экени такталды.
Тинтүү учурунда акча каражаттары жана интимдик буюмдар табылып, алынды.
Учурда айрым адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.



