Коом

Бала-бакчалар качан иштей баштайт. Министрдин жообу

Вице-премьер Эркин Асрандиев маалымат жыйын учурунда билим берүү мекемелери, анын ичинде бала бакчалар качан иштей баштаарын түшүндүрүп берди.

Көрүүчүлөрдүн бири вице-премьерге: «Эгер 11-майда жумушка чыгып кала турган болсок, бала бакчалар качан иштей баштайт?» — деген суроо узаткан.

«1-май, 10-май жана 21-майдан баштап иштей турчу мекеме, ишканалардын тизмесине кирбей калгандардын баары, анын ичинде билим берүү мекемелери, бала бакча, мектептер бардык режимдер алынгандан кийин гана иштей баштайт. Ал эми режимдер өлкөдө эпидемиологиялык абалга жараша алынат. Эгер 1-июнда кырдаал турукташса, анда 1-июнда иштей баштайт. Эгер ал убакытка чейин кырдаал турукташпай турган болсо, 10-июнда же 20-июнда, балким 1-июлда иштеп башташы мүмкүн. Мунун баары кырдаалга жараша чечилет», — Асрандиев.

Өкмөт Кыргызстандагы кырдаалга жараша экономиканы жөнгө салуу үчүн ишкердик тармактарды этап-этабы менен жандантуу боюнча планын бекиткен.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button