Дүйнө

Коронавирус: Путин белекке берген мышык карантинге жаткырылды

Россиянын президенти Владимир Путин  Япониянын Акита түндүк префектурасынын   губернатору Норихисе Сатакэге белеке берген Мир деген ысымы бар сибирдик мышык, коронавирустун жайылышынан улам карантинге жаткырылды. Бул тууралуу 29апрелде ТАССка губернатор өзү билдирген.

Анын сөзү боюнча, мышыктарга адамдардан инфекция жуга тургандыгына байланыштуу,  жандыктытын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн аны изоляциялоону чечишкен.

Мышык Мир.

Мир биздин үй-бүлөөнүн мүчөлөрүнөн башка, кокус бирөөлөр менен карым-катнашка барбашы үчүн ушундай кылдык. Адамдарды да, жан-жаныбарларды да азап тартырган ушул абал тезирээк эле бүтөт деген үмүттөбүз.

Норихисе Сатакэ,        
Япониянын Акита түндүк префектурасынын   губернатору.

Ал, Мир бул үйдөгү дагы алты мышык менен ынтымактуу жашайт жана мүнөзү жоош, аппетити жакшы деп айтты. «Бул мен үчүн бөтөнчө жаныбар – мен мунун тумшугун көргөндө көңүлүм жайланып калат», — деп кошумчалады Сатакэ.

Путин мышыктын баласын Акита префектурасынын губернаторуна 2012-жылы февраль айында, Сатакэ Россиянын лидерине 2011-жылдагы жер титирөөдө жана цунамиде Россиянын көрсөткөн жардамына ыраазычылык ирээтинде акита-ину  япон породасындагы күчүктү бергенден кийин, тартуулаган. Мышыкты  тандашканынын себеби – ага чейин губернатор иттерге караганда мышыкты жакшы көрөөрүн айткан. Японияга келгенден кийин Мир Токионун Нарита эларалык аэропортунунун өзгөчө зонасында алты ай карантинде кармалган. Карантин мөөөнөтү бүткөндөн кийин гана губернатор мышыкты үйүнө алып кетүүгө мүмкүнчүлүк ала алган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button