Окуялар

Коменданттык саатты бузган жигиттер кыздарды таштап качып кетишкен

Бишкек шаарында 30-апрелге караган түнү коменданттык сааттын талаптарын бузгандар аныкталды.

Бишкектеги 5-кичи райондо түн ортосунда  көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда ызы-чуу кылып, кыйкырып, коменданттык сааттын эрежелерин бузган жаштарды милиция кызматкерлери издегенин «Репортер»  жазып чыкты.

Жигиттер менен кыздар көп кабаттуу үйдүн короосунда отурушкан. Алардын үнүнөн бир нече адам болгонун баамдоого болот. Жаштар катуу кыйкырып, каткырып отурушканда айрым жашоочулар терезеден эскертүү да беришкен. Бирок жаштар токтогон эмес.

Болжол менен бир сааттай убакыттан кийин милиция кызматкерлери ошол тарапка барган. Аларды көргөн жаштар ар кайсы тарапка качып башташкан.

«Милиция кызматкерлери аларды бактардын арасынан кол чырак менен издеп башташты. Бир аздан кийин 2 кызды таап чыгышты. Ал эми жигиттер кыздарды таштап, өздөрү качып кеткен окшойт», — деп жазды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button