Дүйнө

Трамп коронавирус Кытайдын лабораториясынан чыккан деди

АКШнын президенти Дональд Трамп корнонавирус Ухандын вирусология  институтунда жасалганы туурасындагы далилдерди көрдүм деп айтты.  Чалгындоо кызматы президенттин пикирине макул эмес. Бул туурасында 1-майда ВВС NEWS Орус кызматы билдирди.

Ак үйдөгү пресс-конференцияда Кытайдын бийликтери вирустун жайылышын токтото алган эмес, же токтотуштун кажети жок деп ойлошкон.

Президент Трамптан Ухандагы вирусология Институту коронавирусту жайылтуунун очогу болгонун жогорку деңгээлде далилдей турган фактыларды өз көзүңүз  менен көрдүңүзбү деп сурады журналист.   «Ооба, — жооп берди президент. — Мен көрдүм, көрдүм».

«Алар [Кытай], ката кетириши мүмкүн, же баары алардын ошол каталыгынан башталышы  ыктымал, же болбосо алар дагы бир катаны кетиришкен – кимдир бирөө атайылап жасаган», — деп кошумчалады Трамп.

Ошол эле учурда АКШнын америкалык чалгындоо кызматтарын көзөмөлдөөчү Улуттук чалгындоосунун директорунун аппараты,  коронавирус лабораторияда жасалган эмес, же болбосо генетикалык модификациядан да өтпөгөн деген тыянакка келди.

Эскерте кетсек, Нобель сыйылыгынын ээси, француз окумуштуусу Люк Монтанье бул вирус мындай формада табиятта кездешпейт, ал лабораторияда жасалган,  деп айтып чыккан. Анын айтканын бышыктаган илимий макалалар кытайлык окумуштуулар тарабынан 2018-жылы эле жарыяланганын массалык-маалымдоочу каражаттар таап чыгышты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button