Саясат

Госдумада Дарига Назарбаеванын бийликтен ажыраганын “чак түштөгү чагылганга” салыштырышты

Россиянын Госдумасынын КМШ иштери боюнча комитетинин биринчи орунбасары  Константин Затулин, Дарига Назарбаеванын Казакстандын сенатындагы депутаттык ыйгарым укугунун токтотулушун “чак түштөгү чагылган”  деп атап, абалдын андан ары кандай болушуна көз салып туруш керек деди. Бул туурасында майда РИА Новости кабарлады.

«Бул окуя чак түштөгү чагылгандай эле болду … Албетте, окуя андан ары кандай өнүгөт, ошого көз салып туруш керек. Дарига Назарбаеваны бийликтен четтетип, ага башка бир нерсе сунушталабы, бир жакка которулабы, же баардык статьялар менен биротоло бошотулдубу. Эгер биротоло бошотулган болсо, анда бул, бир жылдан берки Назарбаевдер менен “таттуу” мамиленин аяктаганын билдирет. Эң башкы суроо ушунда турат», — деп айтты Затулин РИА Новостиге.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button