Дүйнө

Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстанда вирус жуккандардын саны 8600дөн ашты

Казакстан — 4834, Кыргызстан1002, Өзбекстан — 2336, Тажикстан – 522

Жогоруда аталган Борбордук Азия мамлекеттеринде жалпысынан: айыккандар 4100дөн ашты, каза тапкандар 67 киши. Бул цифралар аталган республикалардын саламаттык сактоо министрликтеринен алынган деп, 9-майда  INTERFAX.RU кабарлады.

Кайтыш болгондор: Казакстанда – 31, Кыргызстанда – 12, Өзбекстанда – 10, Тажикстанда – 14.

Тажикстандын саламатттык сактоо министрлиги коронавирус менен ооруй баштагандарды 30-апрелден тартып гана мойнуна алган. Азыр ушул учурда, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзү да вирус жуктуруп алып бейтаптап, Германиянын Рамштайын шаарында дарыланып жатат деген маалымат 5-майда тараган.

Борбордук Азияда бир гана Түркмөнстан расмий түрдө коронавирус жок экенин билдирип жатат. Бирок, илдетти алдын алуу үчүн бул мамлекетте да карантин жарыяланган, республикага сырттан кирүү чектелген.

Abal.kg   

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button