COVID-19. Эне-баланы коргоо улуттук борборунун беш дарыгери жуктуруп алган

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун беш кызматкеринен COVID-19 табылганын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Буга чейин Москва көчөсүндө жайгашкан бул ооруканада жаткан эки бейтап баладан, үч энеден жана эки медиктен инфекцияны жуктуурп алганы белгилүү болгон. Анда инфекцияны ооруп жаткан баланын энеси Жалал-Абаддан жуктуруп келгени айтылган.
Үсөнбаевге Бишкектеги төрөт үйлөрдүн бири жабылып калдыбы деп суроо узатышты.
«Ал жакта кош бойлууларды кабыл алуу токтоп, аларды башка жактарга бөлүп жатышат. Дезинфекция жүргүзүлүп, кызматкерлер обсервация режиминде. Борбордон жалпы 5 кызматкер ооруп калды: үч дарыгер, санитарка жана акушер. Учурда 27 адам байкоодо турат. Абал көзөмөлдө», — деди Үсөнбаев.
Клиникалык төрөт үйүнөн 10-25-май аралыгында кош бойлууларды жана төрөй тургандарды кабыл алуу убактылуу токтогондугун айтышты. Обсервация шартында бейтаптар менен иштеп жаткан кызматкерлердин тизмеси түзүлгөн. Бардык кызматкерлер менен бейтаптардан ПЦР анализи алынган.
«Карантин убагында аталган жайга бара турган кош бойлуу жана төрөй тургандарды графиктин негизинде борбордун башка төрөт үйлөрү кабыл алат. Аймактардагы эрте болуп калган бардык төрөттөр Бишкек шаарындагы Перинаталдык борборго жөнөтүлөт», — деп билдирди Республикалык штаб.
Abal.kg



