Коом
Балыкчыда унаа сүзүп кеткен кыздын атасы дооматынан баш тартты

Кыздын атасы эмне үчүн дооматынан баш тартканы ачыктай элек.
Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев менен анын алгач күнөөнү мойнуна алган иниси (мурдагы милиционер), «Коркунучта калтыруу” жана «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренелери боюнча айыпталууда.
Шектүүлөр 50 миңден 100 миң сомго чейин айыпка жыгылышы же беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, кылмыш иши тараптар жарашкандан кийин токтотулушу мүмкүн.
Кырсыктын чоо-жайын иликтеп жаткан УКМКнын маалымат кызматы дооматтан баш тартуу боюнча маалыматка комментарий бере элек.



