Маданият
Бүгүн, 13-майда ырчы Димаш Кудайберген онлайн-концерт берет

Казакстандын белгилүү ырчысы Димаш Кудайберген күйөрмандары үчүн оналайн концерт бере турганын интернет баракчасына жарыя кылды.
Онлайн-концерт Казакстандын маданият жана спорт министрлигинин Ютуб каналында өтөөрүн аталган министрлик өздөрүнүн сайтына жайгаштырып, Димаштын ырын угууга чакырды.
Ага чейин Диман Кудайберген кантип үйүндө карантиндин талаптарын аткарып жатканын, спорт менен машыгып аткан видеолорун Инстаграм баракчасына байма-бай жүктөп аткан.
Димаш Кудайберген бүгүн Казакстан убактысы боюнча кечки саат 20.00до онлайн концертин баштайт.
