Окуялар

Гүлзат Мамытбек ыйлап, жардам сурап, кайрылуу жасады (видео)

Элди эриктирбей, өзүнүн ар бир кыймыл аракети менен элге дем берип, Кыргызстандын эле эмес, планетага дем берем деген айтылуу Гүлзат Мамытбек кыргыз бийлигине кайрылуу жасап, ыйлаган видеосун коомчулукка сунуштады.

Анда ал пандемияга байланыштуу Орусиядан Кыргызстанга келе албай жаткан мигранттар тууралуу айткан. «Мага күндө мигранттар кайрылышууда, бирок аларга жардам бере албай жатамын. Аскар Салымбеков, Темир Сариев, Жанар Акаевдер кайдасыңар? Мен эми аларга эмне деп жооп берем?» деген. Толугу менен төмөндөгү видеодон көрө аласыздар.

https://youtu.be/qkz4GnZRnWQ

Ал эми бул видеодо Гүлзат Мамытбектин Аскар ата деп (Салымбеков) кайрылуу жасап, ыйлаганын көрүүгө болот.

https://youtu.be/WCUKreU-clg

Эскерте кетсек, мындан бир аз мурда эле Гүлзат Мамытбек аэропорттон кетпей, түнөп аткан Москвадагы кыргыз мигранттарына кайрылуу жасап, алардын туура эмес иш кылып атканын айткан эле.

Азыркы тапта дүйнөдө пандемияга байланыштуу чет өлкөдө калган Кыргызстандын эле эмес, дүйнө мигранттары өз өлкөлөрүнө келе албай жаткан учур. Анткени баардык жерде чек аралар, аэропорттор жабылуу.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button